Жол жүргөн кишинин атын багып, өзү жөнүндө кам көрүп, кошо жүргөн адам, жигит. Бугимовго ат кошчу болуп Максүт ууру жөнөдү (Сыдыкбеков).
1. тар. Мурунку кездеги сыйлуу жолоочунун же дөөлөттүү адамдын жанында жүрүп, анын өзүн жана атын тейлеп жүрүүчү адам. Бугимовго ат кошчу болуп Максүт ууру жөнөдү (Сасыкбаев). 2. Офицердин жардамчысы, жанына алып жүргөн солдат, адъютант. 3. Бирөөнүн кызматын аткарган адам.